Олжосун аңдып, кызганып. Бактын башындагы үч кабыландын сейрек видеосу

Жазылуу
Кабыландын кармап алган олжосун бактын башына алып чыгып кеткенин көргөн эки тукумдашы артынан калбай, ал тургай кызганып, бири-бири менен чапчышып кеткен көрүнүшкө күбө болуу ар бир туристти кызыктырса керек.
"National Geographic Россия" сайты жакында Африкадагы Масаи-Мара коругунда жүргөндөр сейрек көрүнүшкө күбө болуп, аны видеого тартып алганын жазды.
Башка жырткычтарга караганда кабыландар бакка оңой чыгып кетишет. Көп учурда тапкан тамагын гиена жана тарп аңдыган башка майда жаныбарлардан алысыраак деп дарактын башына катат.
Леопард устроил засаду и поймал импалу, но добычу отобрала гиена. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.03.2021
Гиена кабыландын оозундагы жемин тартып алды. Видео
Туристтердин бул видеосунан антилопабы, айтор, таап келген олжосун бактын башына чыгарып, аны ыңгайлуу отуруп жей албай жаткан кабыланды, кызыгы, анын тамагын талашкан дагы эки "тууганын" көрүүгө болот.
Жыт алып дароо чыгып барган экинчи кабылан үчүнчүсүнөн антилопаны кызганып, аны менен ырылдашып, бутакта туруп чапчышып кеткенин туристтер тартып алган. Бирок бул таймашта экөө бири-бирин бактан кууп түшө албай койгон. Акыры айласы кеткен жырткычтар калың бутактан орун алып, чоочун бирөөнүн тамагына көз арткан тейде отурганы менен видео аяктаган.
Жакында эле дал ушуга окшош видео тараган. Андан дарактын башындагы өз тамагын бергиси келбей ургаачы арстан менен кармашкан кабыландын окуясын көрүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0