Гол киргизип, токтоно албай дарбазаны да бузуп кеткен футболчу. Видео

Жазылуу
Футболчу андан жабыр тарткан эмес, тескерисинче, голун майрамдап чуркап кеткен. Ал эми дарбазанын мамысы кыйшайып калган.
Швециянын "Мьельбю" клубунун чабуулчусу Якоб Бергстрем "Эстерсунд" клубуна гол киргизип, атаандаштын дарбазасын да бузуп кетти. Бул тууралуу telegraf.com.ua маалымат булагы жазды.
Футболчу оюн учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.05.2021
Футболчу Кайраттын "Каганатка" киргизген голу мыкты деп аныкталды. Видео
Кызыктуу окуя менен коштолгон бу гол "Мьельбю" үчүн беттештеги жалгыз жана жеңүүчү гол болгон.
"Мьельбю" чемпионатта тогузунчу орунда, ал эми "Эстерсунд" 12-сапта келе жатат.
Жаңылыктар түрмөгү
0