Ай-буйга келтирбей... UFC апрелдеги кызыктуу жеңиштердин видеосун чыгарды

Жазылуу
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) расмий YouTube каналына апрель айындагы беттештерде мөөнөтүнөн мурда болгон жеңиштерди жарыялады.
Тандалгандардын көпчүлүгүндө мушкерлер биринчи эле раундда жыга чаап, сулата тээп жеңишке жетишкен. Тизмеге монгол мушкери Данаа Батгерелдин, америкалык атлеттер Крис Кертис, Рональд Дунлап жана Терренс Маккиннинин кармаштары киргизилди.
Терренс атаандашын 17 секундада уткан. Адегенде атаандашын тебем деп кулап, кайра турган. Кийин бутуна кирип жерге жыгып, ордунан тургузбай сабап салган. Калыс кийлигишип беттеш токтотулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0