Лондондогу дарыяга келип кептелип калган китти куткарган видео

Жазылуу
Лондон калаасында жергиликтүү куткаруучулар Темза дарыясынын тайыз жээгине келип кептелип калган китти сактап калышкан.
Суу жаныбарын кантип сактап калышканы туурасында видеону The Sun жарыялады.
Баласын баары бир өлтүрүп кетишти. Мухиттеги киттердин кармашы. Видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.07.2020
Баласын баары бир өлтүрүп кетишти. Мухиттеги киттердин кармашы. Видео
Басылманын маалыматына караганда, кит Лондондун түштүк-батыш жагындагы Ричмонд шлюзуна келип кептелип калган.
Узундугу 3-4 метрге жеткен жаныбарды коопсуз жерге жеткиргиче төрт сааттай убакыт кеткен. Маалыматта ветеринар анын ал-абалын карап, көзөмөлдөй турганы айтылган. Жаныбардын ахыбалы жакшы болгондон кийин гана аны эркиндикке коё берүү чечими кабыл алынган.
Басылма элдин арасына келип калган бул жаныбар чакан көлөмдөгү киттердин түрүнө кирери жана Атлантика, Тынч океандарынын түндүк тарабында жашай турганын жазган.
Жаңылыктар түрмөгү
0