Кырка тизилген 100 автоунаа. Бишкекте өткөн өзгөчө жүрүштүн видеосу

Жазылуу
Бишкекте Улуу Жеңиштин 76 жылдыгына карата автожүрүш болуп, кырка тизилген 100дөй автоунаа ордо калаанын көчөлөрүн айланды. Шаардык мэрия иш-чараны "Өлбөс полк" жүрүшүнүн ордуна уюштурушкан.
Жүрүш Бишкектин так ортосунан башталып, шаардын түштүк бөлүгүнөн аяктаган.
Великая Отечественная война 1941-1945 годов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.05.2021
Улуу Жеңишке 76 жыл толду. Кан майдандын каарын көрсөткөн сүрөт баян
Быйыл Бишкекте "Өлбөс полк" жүрүшүнө уруксат берилген эмес. Буга эпидемиологиялык абалдын катаалдыгы себеп экенин борбор калаанын башкы санитардык дарыгери Кубан Кундашев билдирген. 
Мындан улам "Өлбөс полктун" жүрүшү быйыл өзгөчө форматта өтүп, ардагерлердин сүрөттөрү LED-экрандарга жайгаштырылды.
Мындан сырткары, санитардык талаптарды аткаруу менен 50гө чукул киши чакан жүрүш уюштуруп, согуш ардагерлеринин сүрөтү менен Жеңиш паркына чейин жөө барышты
Жаңылыктар түрмөгү
0