Бир айыл 5 уулун жоготту. Турдубайдын чек арада окко учканын 4 баласы биле элек

Жазылуу
Балдары көчө чаң ызгыта ойноп, күлкүсү жаңырчу Кара-Бак айылында энелердин көз жашы төгүлүп, боздогон ыйы угулуп жатат. Кыргыз-тажик жаңжалында бул айылдан беш жигит набыт болгон. Алардын бири 33 жаштагы Турдубай Саттаров.
Ал чыр чыккан күнү кечинде көзү өтүп кеткен атасына куран окутуп, ооз ачырмак. Эртең менен базарга барып азык-түлүк алып жүргөндө тажик тарап "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайын "басып алган жатат" деп уккан. Бирок ал учурда акыркы суусун ичип жатканын билген эмес. Тилекке каршы, кечинде атасына куран окутуунун ордуна өзү шейит кетти.
Sputnik Кыргызстандын кабарчылары барганда маркумдун апасы үйүндө өзүнө келе албай жатканын айтышты. Ал эми балдары атасынын көз жумганын биле элек экен.
Маркумдун агасы (атасынын бир тууган иниси) Илияз Саттаров Турдубай суунун башында окко учканын айтат.
"Базардан алган азык-түлүгүн үйгө алып келип таштап, кайра "Головнойго" бараткан машинанын артынан өзүнүн унаасы менен кууп барып, чыгып кетиптир. Унаасын тээ май куюучу жайдын жанына калтырган экен. Булар барганда эле куралчан тажиктер атып, кырып салыптыр да. Турдубай иним токтоо, кичи пейил, адамгерчиликтүү, бүт эл-журтка, туугандарга күйүмдүү эле. Ушуга чейин бир жерде бейчеки басканын көргөн жокмун", — деди Саттаров.
Турдубай Саттаровдун артында жубайы Кайры Абдирашит кызы чиедей бир уул, үч кызы менен калды.
Өлгөндөрдү алып чыгууга баргам. Барымтадан чыккан баткендиктердин видеомаеги - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Түнү бою сабап, суу да бербей кыйнады. Барымтадан чыккан баткендиктердин видеомаеги
"Эми эл катарына кошулуп Москвада кыйналып, аялы менен иштеп заңгыратып үй салды эле. Быйыл толук бүтүрүп күздө той кылам деп жаткан. Келиним эми ал үйдө кантип жашайт, балдары жаш болсо. Чоң уулу 3-класста окуйт, кичине кызы бир жашар. Кичүүсү үйгө машина келген сайын "ата" деп издеп жатат. Балдары билбейт азыр, "атаң Россияга кетти" деп койгонбуз", — деди маркумдун бир тууган эжеси Салтанат Саттарова.
Турдубай Саттаров жалгыз инисин 10 күн мурун Россияга иштеп келгени жөнөткөн. Суук кабарды угары менен ал айылына кайтып келди.
"Головной" суу таратуучу пункту Баткен районунун Кара-Бак айылынын тургундары үчүн да маанилүү. Себеби ошол жактан чыккан суу менен эгиндерин сугарышат.
Белгилей кетсек, "Головной" суу бөлүштүрүүчү жайында жалпысынан 25 жай тургун мерт болгон. Тажик тарап элге карата курал колдонуп, миномёт менен жардырган. Жаңы чыккан жагдайларда ылайык, бир чуңкурга жашынган 12 адамга миномёт снарядынын чачырандысы тийип жан берген. Ал жерге тез жардам унаасы да өтө алган эмес.
Жаңылыктар түрмөгү
0