Кежир мамалак, кежигесинен тиштеген энеси. Бассейнге келген аюунун видеосу

Жазылуу
Калифорниядагы (АКШ) Аркадия шаарынын жашоочусу Эрик Лян жаратылыш паркына жакын жайгашкан үйүнө, тагыраагы, үйдүн бассейнине жапайы аюунун төрт мамалагы менен келип, "киринип" кеткенин видеого түшүрүп калган.
"National Geographic Россия" сайты жапайы конок Angeles National Forest коругунун жашоочусу экендигин жазды.
"National Geographic Россия" сайты Angeles National Forest коругуна жакын аймактагы үйлөргө жапайы жаныбарлар келип каларын, бирок адатта бул эне аюудай болуп, кожойке катары жүрбөй тургандыгын жазды.
Чопулдатып сүт ичип... Энеси жериген мамалактардын видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.03.2021
Чопулдатып сүт ичип... Энеси жериген мамалактардын видеосу
Кадрдан алгач аюунун бассейндеги сууда жаткандыгын, ал эми кургакта төрт мамалагы жүргөнүн көрүүгө болот. Бир топ убакыттан кийин суудан чыккан жырткыч шашпай басып, балдарын ээрчитип токойду көздөй жөнөгөн.
Бул окуянын баарын үйдүн кожоюндары айнектен жасалган дубал аркылуу видеого тартып турушкан.
Аюу шашылбай басып, адамдар келип калат деп чочулабай балдарын ээрчитип кеткени менен, бирөө бассейнди айланчыктап кетпей койгон. Башка мамалактары менен кайтып келген эне аюу алгач баласын тумшугу менен түрткүлөп алып кетүүгө аракет кылган. Бирок кичинекей кежир кеткиси келбей, чачыраган сууну айланчыктап туруп алган. Ачуусу келдиби же тажадыбы энеси мамалактын кежигесинен аярлап тиштеп, бир нече кадам барган. Бир аз айланчыктаган соң энеси жолун улап, анын артынан балдары ээрчип кетип бараткан учур менен видео аяктаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0