Россияда жүрүп 10 жылда курган үйүм күлгө айланды. Максаттык Атакулованын ыйы

Жазылуу
...Төрт күндөн бери жайылып турган куурчактарды кермеден алган киши жок. Болбосо бул маалга чейин жүз жуулуп, жүз жайылмак.
Куурчактарга "ата-апа" болуп, балалыктын доорун сүрүп жаткан бир туугандар үч жашар Аксана менен алты жаштагы Асема учурда эмне болуп жатканын түшүнбөй, үй-жайсыз ар кайсы жерде баш калкалап жүрөт.
© Sputnik / Зульфия ТургуноваКуурчактарга "ата-апа" болуп, балалыктын доорун сүрүп жаткан бир туугандар үч жашар Аксана менен алты жаштагы Асема учурда эмне болуп жатканын түшүнбөй, үй-жайсыз ар кайсы жерде баш калкалап жүрөт
Последствия конфликта с Таджикистаном в приграничном селе Максат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Куурчактарга "ата-апа" болуп, балалыктын доорун сүрүп жаткан бир туугандар үч жашар Аксана менен алты жаштагы Асема учурда эмне болуп жатканын түшүнбөй, үй-жайсыз ар кайсы жерде баш калкалап жүрөт
Кыздардын 51 жаштагы чоң энеси Феруза Атакулова жалгыз бой эне.  Ал үч уул, бир кызын жалгыз тарбиялап өстүргөн. Россиянын ар кайсы шаарларында ашпозчу болуп эмгектенип жүрүп, маңдай тери менен тапкан каражатына жылдап тургузган беш бөлмөлүү үйү бүгүн минтип күлгө айланды. 
© Sputnik / Зульфия Тургунова51 жаштагы Феруза Атакулова Россиянын ар кайсы шаарларында ашпозчу болуп эмгектенип жүрүп, маңдай тери менен тапкан каражатына жылдап тургузган беш бөлмөлүү үйү бүгүн минтип күлгө айланды.
Последствия военного конфликта в приграничном селе Максат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
51 жаштагы Феруза Атакулова Россиянын ар кайсы шаарларында ашпозчу болуп эмгектенип жүрүп, маңдай тери менен тапкан каражатына жылдап тургузган беш бөлмөлүү үйү бүгүн минтип күлгө айланды.
Лейлек районунун Көк-Таш айылында туулуп-0өскөн Феруза Атакулова Тажикстандын Ноо районунун Күркөт айылына өзбек тектүү жигитке турмушка чыккан. Бирок оту күйүшпөй, жубайлар мындан жыйырма жыл мурда эки ажырым жолго түшкөн.
Ал төрт баланын түйшүгүн жалгыз тартып, уул-кызын эрезеге жеткирген. Таттуу неберелеринин кылыгына тойбой турган мезгилде күтүлбөгөн каргашанын айынан үй-жайсыз калып, баш калкалаар жер издеп, ызага муунуп турган кези. 
© Sputnik / Зульфия ТургуноваАтакулова төрт баланын түйшүгүн жалгыз тартып, уул-кызын эрезеге жеткирген
Последствия военного конфликта в приграничном селе Максат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Атакулова төрт баланын түйшүгүн жалгыз тартып, уул-кызын эрезеге жеткирген
"Айылга тажик аскерлери чогула баштаптыр, жарым сааттын ичинде үйдөн чыгып кеткиле" деген билдирүү тарай баштады. Шашылып жатып, неберелеримдин документтери да кала бериптир. Үйдөн чыгарыбыз менен эле Лайли айылынын жашоочусунун үйүнө жайгаштык. Бирок айыл Тажикстанга жакын болгондуктан ал жактан да качууга туура келди. Он беш киши унаа менен Тайлан айылындагы бир үйгө жайгаштык", — деди ал.
Үйдөн биринчи чек арага зым тартып бергилечи. Муңга толгон Максат айылынан видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2021
Үйдөн биринчи чек арага зым тартып бергилечи. Муңга толгон Максат айылынан видео
Окуядан төрт күн өткөн соң "тажик аскерлери айылдан чыгарылды, турак жайыңардан кабар алгыла" деп жергиликтүү бийлик чакыргандан кийин айылына келген.
Феруза Атакулова күлгө айланган үйүн Россияда эмгектенип жүргөн уулуна видео аркылуу көрсөтүп жатып, каңырыгы түтөп, көз жашын тыя албай турду.
"Чиедей балдарымды таенесине, таякелерине таштап, ысык-суукта талаалап жүрүп тапкан каражатка курган үйүмдөн бүгүн минтип эч нерсе калбады. Банктан насыя алып, үйүмө эмерек алган элем. Анын баарын тоноп кетишиптир. Болгону муздаткыч турган ордунда калып, күлгө айланган", — деди ал. 
© Sputnik / Зульфия Тургунова"Айылга тажик аскерлери чогула баштаптыр, жарым сааттын ичинде үйдөн чыгып кеткиле" деген билдирүүдөн кийин тургундар шашылыш үйлөрүнөн чыгып кетишкен. Феруза айым неберелеринин документин да ала албай калган.
Последствия военного конфликта в приграничном селе Максат - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
"Айылга тажик аскерлери чогула баштаптыр, жарым сааттын ичинде үйдөн чыгып кеткиле" деген билдирүүдөн кийин тургундар шашылыш үйлөрүнөн чыгып кетишкен. Феруза айым неберелеринин документин да ала албай калган.
Эне кызына деп даярдап койгон себинен да дайын жок экенин айтат. Ал тургай келинине келген септи да уурдап, идиш-аяктар гана калган.
"Жалгыз эле кызым бар. Ага да кыйынчылык менен сеп даярдап койдум эле. Кызым себиңди алып кет десем, "батирлеп жүрөм, азырынча шарт жок" деп койду эле. Апамдан эстеликке калган шакектерден бери уурдап кетишиптир", — деди ал.
Феруза Атабекова үй гүлдөрүнүн түрүн өстүрүп келген. Учурда гүлдөр идиши менен кошо күйүп, терезеде топурагы гана калганын көрүүгө болот. 
© Sputnik / Зульфия ТургуноваФеруза Атабекова үй гүлдөрүнүн түрүн өстүрүп келген. Учурда гүлдөр идиши менен кошо күйүп, терезеде топурагы гана калганын көрүүгө болот.
Последствия военного конфликта в приграничном селе Максат  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Феруза Атабекова үй гүлдөрүнүн түрүн өстүрүп келген. Учурда гүлдөр идиши менен кошо күйүп, терезеде топурагы гана калганын көрүүгө болот.
Үй-жайсыз калган эне учурда Максат айылындагы кошуналарыныкына түнөөдөн чочулап, Интернационал айылындагы жарандардын турак жайында баш калкалоодо. Мунун себебин эл арасында дагы деле чочулоо бар экендиги менен түшүндүрдү.
Төрт дубалы гана калып, ээсиз ээнсиреген үйдүн бир капталында Аксана менен Асеманын селкинчеги аларды күтүп бош турат...
Жаңылыктар түрмөгү
0