Баткендеги ак-сайлык Арданова: биз качтык, үйдө калган жолдошума санааркап жатам

Жазылуу
Ак-Сай айылынын жашоочусу 61 жаштагы Турсунай Арданова кыргыз-тажик чек арасында мындан бир нече күн мурда чыккан жаңжалдан улам Баткен шаарындагы Бөкөнбаев атындагы орто мектептин спорт залында эки күндөн бери жашап жатат. Бул жайга өзү жалгыз келген.
Эки уул, эки кыздын энеси, он үч неберенин чоң энеси Арданова бизге бирде ыйлап, бирде күлүп чек арадагы кооптуу жашоосу тууралуу, мындай абалдан тажагандыгын айтып берди.
Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжал алардын үй-бүлөсүн ар тарапка чачыратыптыр.
"Бир күн мурда эки тарап бири-бирибизди таш менен уруп, жаңжал башталган. Эртеси, 28-апрель күнү, саат 11:00 чамасында "кыргыз жана тажик жарандары бири-бирине ок чыгарып жатат" деген кабар тарады. Ошол замат Баткен шаарына качып келдик. Эки келинимди жети неберем менен кошо тоолуу Рават айылындагы жакындарыбыздын үйүнө жайгаштырдык. Жолдошум үйдү кайтарып жалгыз калды", — дейт ал.
Арданованын эки уулу Россияда мигрант катары эмгектенгендиктен жаңжал чыккан учурда үйүндө болгон эмес.
Үйү неберелерине толгон эне бүгүн жалгыз калып, минтип өзү жашаган турак жайына бара албай жаңжал чыккан аймактан качып жүргөндүгүн айтып кейиди.
Турсунай эне бул ирет алгачкы жолу октон качкан жок. Мындай окуялар ал жашаган Ак-Сай аймагында тынымсыз кайталанып турат. Бир чети эне үчүн бул көнүмүш болгону менен бир чети жай, бейпил турмушту каалап, чыр-чатактардан тажагандыгын айтат.
Лейлек району. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
УКМКнын чек арадагы абал боюнча саат 18:00гө карата маалыматы
"Бир үй-бүлө ар кайсы жакта чачырап качып жүргөнүнө жүрөгүм ооруйт. Неберелеримди сагынып ыйладым. Эч нерседен бейкапар неберелерим жаңжал башталып, биз качууга камынганда, алар кинодогудай элестетип, "качабыз" деп кудуңдап сүйүнүп алышат. Азыр го бул балакайлар эч нерсе билбейт. Эртеңкиси эмне болот деп сыгылып жүрүп кант диабетине да чалдыгып калдым", — деди көзүнө жаш алып.
Анткен менен Турсунай эне 30 жылдан бери тажик тектүү жарандар менен кошуна болуп жашап келет.
Күн сайын таңда алар менен учурашып, ал-абал сурап амандашып турарын, мамилелери жакшы экендигин айтат. Турсунай эне өзү да Тажикстандын Шурап шаарында туулуп-өскөндүгүн, бой жеткенде Ак-Сайга турмушка чыккандыгын айтат. Ошол себептен ал тажик тилин мыкты билет.
Ал жашаган Ак-Сайда чек ара жаңжалында трансформатор жардырылып, бир айыл толугу менен электр жарыгысыз калган. Мобилдик байланыш да үзүлүп, айылда жалгыз калган жолдошунун ал-абалын да сурай албай убайым тартууда.
"Улуу балам Максатбек "Ак-Сайда жашагым келбейт" дейт. Салган үйүмдү толугу менен бүтүрсөм деле жардыруу болсо үйүм жок калам деп санааркап, көңүлсүз. Биз улуу муундун өкүлдөрү жерибизди таштап эми башка жакка кетпейбиз да", — деди улутуна.
Баткен облусунун Баткен районунда өрттөрлөн унаалар - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.05.2021
Баткенде чек арадагы кагылышууда каза болгондордун ысымдары айтылды. Тизме
"Тажадык, качанкыга чейин ушинтип элеңдеп качып жүрөр экенбиз..." деген эне тиешелүү тараптар абалды турукташтырып, элге чыр-чатаксыз, коопсуз жайда бейпил турмушту камсыз кыларынан үмүт артат.
Биздин каарман жайгашкан Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектепте учурда 295 адам баш калкалоодо, анын 199у балдар.

Баткендеги чек ара чыры

Эске салсак, Баткенде 28-апрель күнү кечинде чыккан чыр түнү менен күчөп отуруп, эртеси да уланган. Эки тарап бири-бирин көздөй ок аткан. Кыргызстанда каза болгондордун саны 34кө жетип, атышуудан 173 киши жабыркаган.
Чек арадагы аймактардан тургундар коопсуз жайга эвакуацияланды. Ал эми 1-2-май Кыргызстанда аза күтүү күнү деп жарыяланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0