06:15 17 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
© YouTube / Guardian News

Интернетте жүрүп бара жаткан автоунааны терезесинен секирип кирип токтоткон кишинин видеосу желдей тарады.

Окуя Тиран шаарында болгон. Анын видеосу The Guardian басылмасынын YouTube-каналына жарыяланды.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, Citroen үлгүсүндөгү автоунаанын айдоочусу аянтта көлүгүн токтотпой айланта айдап, ондогон кишини сүзүп сала жаздаган. Ал жердегилер коронавируска каршы вакцина алуу үчүн кезекке турушкан. Токтоно албаган айдоочуну сүйрөп түшүүгө да аракет кылышкан, бирок натыйжа болгон эмес. Бул учурда аянттагы эркектердин бири автоунаанын терезесинен секирип кирип, айдоочудан рулду алган.

Басылманын билдирмеси боюнча, полиция 32 жаштагы кишини кармаган. Алдын ала маалыматтарга таянсак, ал баңгизат колдонуп алган. Окуядан эч ким жабыркаган эмес.

Интернет колдонуучулары айдоочуну токтотуп калган кишинин эрдигин баалашкан.

Белгилер:
аянт, эл, видео, айдоочу, автоунаа, Албания

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ