Дүйнөдөгү эң чоң самолет кайрадан асманга көтөрүлдү. Видео

Жазылуу
Американын Stratolaunch компаниясы канаттары чоң Roc деп аталган лайнерин экинчи ирет учурду.
Канаты 117 метрге жетип, көлөмү футбол талаасынын узундугунан ашат.
Лайнер абага Калифорния штатынын Мохава чөлүндө асманга көтөрүлгөн. Видеону BuckTales66 YouTube каналына жарыялады.
Дүйнөдөгү эң ири учакка араб жана перс мифологиясындагы куштун аталышы ыйгарылган. 226 тонналык самолет 10 чакырым бийиктикте учууга ылайыкталган. Борт космостук аппараттарды абадан орбитага учурууга керектелет.
Roc биринчи жолу 2019-жылдын апрелинде асманга көтөрүлгөн боюнча кайра учкан эмес. Буга компаниянын негиздөөчүсүнүн каза болушу себеп болгон. Ушуга чейин гигант учактын тагдыры белгисиз болчу.
Жаңылыктар түрмөгү
0