Чет өлкөгө чыгуучу паспорт жок Мамкаттоо элди тушап койду. Видео иликтөө

Жазылуу
Өлкөдө паспорт кризиси жогорку чегине жетти. Учурда жүздөгөн кыргызстандык жалпы жарандык, башкача айтканда, чет өлкөгө чыгуучу паспорт ала албай убара. Мамлекет эмнеге өз жарандарын жөнөкөй эле паспорт менен камсыздай албай жатат?
Мамлекеттик каттоо кызматы жаңы үлгүдөгү электрондук биометрикалык паспортторду берүүгө камынган. Бирок алар өз убагында даяр болгон жок. Анысы аз келгенсип, эски үлгүдөгү жалпы жарандык паспортторду чыгарууну токтотуп коюшкан. Адистердин айтымында, эгер көбүрөөк жасатып койгондо маселе жаралмак эмес.
Sputnik Кыргызстан агенттиги жарандарды тушап койгон паспорт тартыштыгы эмнеден келип чыкканын иликтеди.

Өзүмдүн паспортумду ала албай убарамын

Бишкек шаарынын тургуну Азиз Субанбеков үй-бүлөсү менен Америкага кетмек. Бирок февраль айынан бери убара болуп жүрөт.
"Өзүмө, жубайыма жана эки кызыма чет өлкөгө чыгуучу паспорт алайын деп Калкты тейлөө борборуна барсам "бланк түгөнүп калган, май айынын башында болот" дешти. Чет өлкөгө кетүүгө бардык маселе чечилген, бизди паспорт гана кармап турат. Эгер авиабилет сатып алган болсоң, анын негизинде берерин айтып жатышат. Бирок ага ишенбейм, жок жерден чоң суммадагы акчага күйүп калгым келбейт", — деди Субанбеков.
Ал эми Венера Таштаналиеванын паспортунун мөөнөтү бүтүп, бир айдан бери алмаштыра албай жүргөнүн айтты. Анын Түркияда туруктуу жумушу, жашаган үйү да бар эле.
"Пандемияда келип кайра кете албай калдым. Кыргызстандын жараны болуп туруп өзүмдүн паспортумду алуу ушунча оор болуп жатат", — деди Таштаналиева.

Паспорт алгандардын саны үч эсе өсүп кетти

Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев 2020-жылдын декабрында жана 2021-жылдын январь-февралында жалпы жарандык паспорт алгандардын саны үч эсе өсүп кеткенин айтууда.
© Sputnik / Жоомарт УраимовМамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев
Председатель ГРС КР Акын Мамбеталиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Акын Мамбеталиев
"Былтыр июль айында бизде 300 миңдей паспорт бар болчу. Негизи айына орто эсеп менен 25-30 миң даана берчүбүз. Өткөн жылы COVID көбөйгөн учурда суроо-талап 5-10 миңге түшүп кетти. Анализ кылып көрсөк быйылкы июнга чейин жетмек. Бирок кышында үч эсе жогорулап, үч айда эле 180 миң паспорт бердик. Көбү Казакстан менен Россияга чыга баштады. Анан да бул өлкөлөр эпидкырдаалдан улам жалпы жарандык паспорт менен кирүүнү талап кылган. Кийинчерээк ал чектөөнү алып, кайра ID паспортко уруксат берди", — деди Мамбеталиев.
Деген менен суроо-талап канчага өскөнүн мурунку жылдарга салыштыруу үчүн статистиканы сурасак, Мамкаттоо бере алган жок.
Мурда Таалайбек Жумадыловдун "Интел Линкс" компаниясы кыргыз жарандарынын паспортун басып чыгарчу. Ал мындай кризис биометрикалык паспортторду чыгаруу кечеңдегенден эмес, азыркы колдонуудагы паспорттордун запасы камдалбаганынан жаралганын айтат.
"Мамлекеттик каттоо кызматы алдын ала жылдык запасты сатып алышы керек эле. Алар көбүрөөк камдап коюунун ордуна өз күчүнө ашкере ишенип алышты окшойт. 1-январдан же 1-марттан тарта жаңы долбоорду ишке киргизебиз деп ойлошкон. Бул өндүрүш, күтүлбөгөн жагдайлардын жаралып калуу тобокелчилиги ар дайым болуп келген. Ошондуктан алар кол тийбестик запасын түзгөн эмес. Натыйжада ушундай кырдаалга кептелип отурушат", — деди эксперт.
Калкты тейлөө борборунун ачылыш аземи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.04.2021
Марипов Матраимов мамлекетке өткөргөн мекемеде ачылган борборго барды. Сүрөт
Учурдагы жалпы жарандык паспортторду англиялык De la Rue компаниясы басып чыгарат. Жумадыловдун айтымында, аталган ишкана "буюртма 300 миңден кем эмес көлөмдө болсун, аны декабрдан кийин гана даярдап беребиз" деген талабын койгон. Себеби айла жоктон буюртма берилип жатканын алар да билип, коммерциялык кызыкчылыгын көздөп жатат.
Мамкаттоонун төрагасынын мындай буюртма берүү ниети жок. Ал журналисттин суроосуна жооп берип жатып май айынын аягында жаңы үлгүдөгү паспорттор элдин колуна тиерин убадалады. Учурда тендерден уткан германиялык Mühlbauer ID Services GmbH компаниясы 1 миллион 200 миң даана бланк басып чыгарып койгон. Ага персоналдык маалыматтарды Мамкаттоо өзү киргизет. Бул үчүн 2017-жылы жабдыктар БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен алынган.

Паспорт аларың менен чет өлкөгө чыга албайсың

Майга чейин жасап жетишери да шек жаратат. Себеби азыркыга чейин жаңы муундагы паспорттордун сүрөттөлүшү, үлгүлөрү жана жарактуулук мөөнөттөрүн бекитүү жөнүндө өкмөттүн токтому чыга элек. Андан соң жаңы документти Эл аралык жарандык авиация уюмуна мүчө мамлекеттер (ICAO) таанышы керек. Башкача айтканда, Тышкы иштер министрлиги аркылуу жаңы паспорттун үлгүсү чет мамлекеттерге жөнөтүлүп, алардын тийиштүү органдары кабардар болушу шарт.
Премьер-министр Улукбек Марипов кабарлады Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын жүрүшүндө - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2021
Марипов: паспорт менен күбөлүктөрдү айыл өкмөтү берип баштайт
Эксперттин айтымында, легализациялоо процессине 90 күндүк убакыт кетет. Демек, жарандарга майда паспорт берилген чакта да дароо эле каалаган өлкөсүнө чыгып кете албайт.
Мунун айынан кимдир бирөө көздөгөн жумушуна, окуусуна бара албай, дагы бирөөнүн кыялы орундалбай калышы мүмкүн. Ошондой эле чет өлкөдө дарыланууга, операция жасатууга муктаж жарандардын өмүрү коркунучта. Мындан улам элдин убалы кимге деген суроо жаралат?
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев паспорт кризиси үчүн эч ким жоопко тартылбаганын сындады.
© Фото / пресс-служба ЖКЖогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев
Депутат Жогорку Кенеша Аалы Карашев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Жогорку Кеңештин депутаты Аалы Карашев
"Бизге бул өнөкөт болуп калды. Башка өлкөлөргө деле уят болуп бүтмөй болдук. Күнөөлүүлөрдүн жоопкерчилигин караш керек. Буга эл күнөөлүү эмес да. Качанкыга чейин ушинтип жүрө беребиз?" — деди Карашев.
Өз кезегинде Акын Мамбеталиев мындай кырдаалга кептелгени үчүн жетекчи катары элден кечирим сурады.
Ошону менен бирге ал 14-апрелге карата 11 800дөй бланк калганын билдирди. Учурда жалпы жарандык паспорт негиздеме менен гана берилип жатат.
"Чет өлкөгө дарыланууга, ооруган кишини коштоп барчулар, окууга тапшыруучулар, ал жактагы ата-энелер балдарын өзүнө чакырууну кааласа бизге арыз жазышы керек. Комиссия карап четинен берип жатат. Ал эми эс алууга бараткандарга паспорт бере албайбыз", — деди Мамбеталиев.
Эксперт Таалайбек Жумадылов дефицит жаралган учурда кырдаалдан акча жасоого азгырылгандар сөзсүз түрдө чыгарын белгилеп, азыркыдай шартта паспорт алуу үчүн 1 500 долларга чейин берип жатканын айтты.
Демек, мындан да акча жасагандар чыкпайт деп эч ким кепилдик бере албайт сыяктуу.
Кыргызстандын жалпы жарандык биометрикалык паспортунун үлгүсү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.12.2020
Жаңы паспорттун дизайнын шакаба кылгандарга Мамкаттоо жооп кайтарды
Дизайны эмнеге өзгөрдү
Эми тарыхка бир аз токтоло кетели. Биометрикалык жалпы жарандык паспортко өтүү жараяны 2018-жылы башталган. Кийинчерээк ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, мындай дизайндагы паспорт иштеп чыгышкан.
Ал эми 2020-жылы Мамлекеттик каттоо кызматы коопсуздук элементтерин күчөтүү максатында деп өз алдынча эле сырткы көрүнүшүн ушундай кылып өзгөрткөн. Бул дизайн көпчүлүккө жага бербей, шакаба кылгандар да болгон.
Мыйзам боюнча жаңы үлгүдөгү паспорт өкмөттүн токтому менен кабыл алынышы керек эле. Бирок жарандар кандай паспорт менен жүрүшү керектигин Мамкаттоонун жетекчилиги гана чечип койгон.

Эми убагында бүтпөсө катуу жазаланат

Март айында өкмөт башчы Улукбек Марипов биометрикалык паспорт өз мөөнөтүндө даярдалбаганы үчүн Мамкаттоонун төрагасы Акын Мамбеталиевге сөгүш берип, аталган ишке жооптуу орун басары Тилек Батыркановду жумуштан алган. Эгер дагы үзгүлтүккө учураса катуу жаза колдонуларын эскерткен.
Ал эми мөөнөтү бүтүп бараткан жалпы жарандык паспорттун мөөнөтүн 1-сентябрга чейин узартуу чечими кабыл алынган. Бирок бул да элди сооротуунун бир түрү катары кабылданууда. Себеби документтин жарактуулугун узартуу үчүн паспортко штамп гана басылат. Ага кабыл алчу өлкөлөр ишенери күмөн, себеби аны жасалмалап коюу да мүмкүн.
Ал эми алты ай же бир жылга виза ачтырууну каалагандардын жаңы паспорттун келишин күтүүдөн башка айласы жок.
Жаңылыктар түрмөгү
0