Талаа бетин бербей жайнап. Миллиондогон гүлдөрдүн суктанткан видеосу

Жазылуу
Жоогазындар, кыпкызыл гвоздикалар, назик нарцисстер жана башка гүлдөрдүн Нидерланддарда жер бетин бербей өскөн учуру өзгөчө керемет.
Интернетте Кекенхоф паркында сансыз гүлдөрдүн асмандан тартылган видеосу тарады. Бул кереметтүү жерди "Европанын бакчасы" деп да аташат. Аталган жайдан нарцисс, орхидея, ирис, гвоздика, анан, албетте, жоогазынды көрүүгө болот.
Бишкекте жоогазындар гүл ачты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.04.2021
Бишкекте түркүн түстүү жоогазындар гүл ачты. Ажайып сүрөттөр
Эбегейсиз зор талаада ондогон гектарда эрте ачылган гүлдөр көргөн адамга болуп көрбөгөндөй ырахат тартуулайт. Өтө бийиктен көз салганда кызыл, көк, сары түстөгү суу төгүлгөн жердей көрүнгөнү менен улам жапыздаган сайын алардын гүл экени көзгө даана урунат. Ал эми Нидерланддардагы жомоктогудай керемет жайдагы жыпар жытты элестетип көрүңүз.
Табигаттын бул сулуулугуна суктануу апрелдин ортосунан май айына чейин уланат.
Жаңылыктар түрмөгү
0