Ошто айдоочуларды экзаменден "ийгиликтүү" өткөрүп тургандар кармалды. Видео

Жазылуу
Унаа" мамлекеттик ишканасынын Ош шаарындагы жана Ош облусу боюнча жетекчилери айдоочулук күбөлүк үчүн экзамен алууда жемкорлукка барышкан деп кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.
Атайын кызмат коррупциялык схеманын бетин ачкан видеону жарыялаган.
Ага ылайык, "Унаа" мамлекеттик мекемесинин жооптуу кызматкерлери автомектептердин мугалимдери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, тестирлөөнүн жыйынтыктарын бурмалашкан.
"Натыйжада айдоочулук мектептерде окуудан өтпөгөндөргө күбөлүк берилип жүргөн. Ошондой эле практикалык башкаруудан "ийгиликтүү" өткөрүп, биринчи экзаменде эле айдоочулук күбөлүк тапшырып турушкан. Бул үчүн кызматкерлер 5000 сом алып турган", — деп айтылат маалыматта.
Учурда "Унаа" ишканасынын башка бөлүмдөрүндө коррупциялык схемаларды аныктоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.
Жаңылыктар түрмөгү
0