Шайлоого келбегендерге чара көрүш керек. Депутаттын өзгөчө демилгеси видеодо

Жазылуу
Депутат Улугбек Садиков жарандарды шайлоого келүүгө милдеттендирип, келбесе чара колдонууну сунуштады.
Эл өкүлү соңку ирет шайлоого өтө көп каражат жумшалып, бирок ага шайлоочулардын 30-40 пайызы гана катышып жатканына нааразы болууда. Ал шайлоону милдет жана укук деп экиге бөлүү керек деп эсептейт.
"Шайлоого келүү — милдет, ал эми киргенден кийин тандоо жасоо укугу болушу керек. Кимди шайлайт же баарына каршы добуш береби, өзү билсин. Ушунча акчаны ысырап кылып, коррупцияга да жол берип жатабыз. Элди шайлоого алып келүү үчүн акча берип, атайын унаа менен ташып жатышат. Шайлоого атайын мыйзам киргизбесек болбойт. Бул ар бир кыргыз жаранынын милдети болушу керек, келбегендерге атайын бир административдик чара колдонолу", — деди Садиков.
Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 10-январындагы президенттик шайлоого жана референдумга жалпы шайлоочулардын 39 пайызы катышкан. Ал эми 11-апрелдеги жергиликтүү кеңештерди шайлоого жана референдумга келгендердин саны 37 пайыздын тегерегинде болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0