17:46 16 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Видео

Ири эсеп менен утулуп жатып жеңишке жеткен Акматалиевдин кубанган видеосу

Кыскача шилтеме алуу
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (66)
635 0 0
© YouTube / United World Wrestling

Балбан квалификациялык мелдештин финалына чыгып, жолдомого ээ болгон. Финалда эми ирандык спортчу менен таймашат.

Эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев Олимпиада оюндарына жолдомо берилүүчү квалификациялык Азия мелдешинин алтын байгеси үчүн ирандык Амирмохаммед Язданачерати менен күрөшөт. Кыргызстандык спортчу жарым финалда атаандашын утуп, Олимпиадага жолдомону камсыздаганда кубанган видеосун United World Wrestling уюму өзүнүн Youtube каналына чыгарды.

65 килограмм салмакта күч сынашкан Акматалиев жарым финалда өзбекстандык тажрыйбалуу спортчу Ильяс Бекбулатовго алгач 0:8 эсеби менен утулуп жаткан. Бир аздан кийин төрт упайлык ыкма жасап, андан кийин далысын тийгизип, таза жеңишке жеткен.

Муну менен ал мелдештин финалына чыгып, Олимпиадага эркин күрөш боюнча жолдомо уткан алгачкы балбан болду.

Турнир ушул күндөрү Казакстандын Алматы шаарында өтүп жатат. Анда финалга чыккан атлеттерге Токио Олимпиадасына лицензия берилет.

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын куржунунда жалпысынан 12 лицензия болду.

Тема:
2021-жылы Токиодо өтө турган Олимпиада оюндары (66)

Тема боюнча

Мээрим Жуманазарова Олимпиадага жолдомо ойнотулган мелдештен күмүш байге утту
Жеңилип, кайра өзүн колго алган Мээрим да Олимпиадага жолдомо утту. Видео
Белгилер:
лицензия, Олимпиадалык оюндар, мелдеш, Эрназар Акматалиев, эркин күрөш

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ