КМШ байкоочулары шайлоонун жүрүшүнө кандай баа берүүдө. Видео

Жазылуу
Бүгүн, 11-апрелде, Кыргызстанда жергиликтүү кеңештерге шайлоо менен катар жаңы Конституциянын долбооруна референдум да өтүүдө. Анын жүрүшүнө эл аралык байкоочулар көз салып турат.
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын, ЖККУнун парламенттик ассамблеясынын жана ШКУнун байкоочулары № 6 мектеп-гимназиясында жайгашкан № 1214 шайлоо участкасына барышты. Алар участоктун добуш берүүгө даярдыгы менен таанышкан. Эл аралык өкүлчүлүктөрдөн келгендерге добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилип, автоматтык эсептөө урнасы кандай иштээрин көрсөтүшкөн.
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын кеңеш катчылыгынын төрагасы Дмитрий Кобицкий шайлоо участкаларындагы техникалык даярдыкка баа берди.
"Силердин өлкөдөгү шайлоо участкаларында жайгашкан техникалык жабдуулар айрым мамлекеттердин ичин ачыштырышы ыктымал. Бул жакта шайлоо участкалары жаңы технология менен толук камсыздалды. Ал таза шайлоо болорунан кабар берет", — деген ал.
Кобицкий шайлоочулардын активдүүлүгүн да белгилеген.
Шайлоо участогунда добуш берип жаткан адам - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.04.2021
Шайлоо башталгандан бери кандай мыйзам бузуу болгону айтылды
"Азыртан эле шайлоочулардын активдүү келип жатканын байкадык. Таң аткандан бери эл шайлоо участкаларына келип, добуш берүүдө. Элдин жарандык милдетин аткарып жатканы кубандырат", — деди байкоочу.
Андан ары байкоочулар башка шайлоо участкаларына кетишкен. Эл аралык өкүлчүлүктөн келгендер бири-бири менен жолугуп, сүйлөшө турганы да маалым болду. Референдумдун байкоочулары мониторингдин жыйынтыгы боюнча бүтүм даярдап беришет.
Учурда Бишкек шаарындагы жана өлкө аймагындагы добуш берүүнүн жүрүшү боюнча Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан окуй аласыздар.
Жаңылыктар түрмөгү
0