18:32 16 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.6213
  • EUR102.6076
  • RUB1.1436
Видео

"Апаңды да өлтүрүп кетем" деп коркутуп жүрүптүр. Айзаданын жакындарынын видеомаеги

Кыскача шилтеме алуу
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү (46)
93110
© Sputnik / Жоомарт Ураимов

Маркум Айзада Канатбекованын апасы Назгүл Шакенова, таежеси Бактыгүл Шакенова жана курбу кыздары анын буга чейинки жашоосу, кызды өлтүрдү деген жигит менен болгон мамилеси, милициянын иш-аракетин Sputnik Кыргызстан агенттигине төкпөй-чачпай айтып беришти.

Зомбулуктан, кайдыгерликтен Кыргызстанда дагы бир кыздын өмүрү соолуду. Ал 27 жаштагы Айзада Канатбекова эле, бир үйдүн, апасынын жалгыз кызы болчу.

Айзаданын балалыгы, окуучулук күндөрү Балыкчы шаарында таенесинин көз алдында өтүптүр. Он гүлүнүн бир гүлү ачыла электе, 30га чыкпай анын сөөгү кайра эле таене-таятасынын үйүнөн чыкты.

Айзаданын каргашалуу өлүмү коомчулукта резонанс жаратып, эл милициянын кайдыгер мамилесине нааразы болуп, айрымдар ИИМ башчысы менен Бишкек ШИИБинин начальнигинин кызматтан кетишин талап кылууда. Ал эми аны өлтүрүүгө шектелген жигиттин буга чейин Россияда бир нече ирет соттолгону аныкталды.

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч жаран  27 жаштагы кызды кызыл түстөгү автоунаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп баштап,  Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлашкан. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

7-апрелде изделип жаткан автоунаа Бишкектин чет жагындагы Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.

Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кызды ала качууга катыштыгы бар делип төрт шектүү кармалган.

Ал эми Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине шалаакылык боюнча кылмыш иши козголгон.

Тема:
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү (46)

Тема боюнча

Аялдарды никеге мажбурлоого каршыбыз! БУУ Айзаданын өлүмү боюнча билдирүү таратты
Улукбек Марипов ала качкандарга жазаны күчөтүү сунушун киргизүүнү тапшырды
Министр кызды табууга эмнеге "Коопсуз шаар" жардам бербегенин айтты. Видео
Белгилер:
Назгүл Шакенова, видео, кыз, өлүм, Балыкчы, Айзада Канатбекова, Кыргызстан

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ