Кооптонуп, тегерене чуркап. Бугулардын асмандан тартылган кызыктуу видеосу

Жазылуу
Мурманск облусундагы бугулардын үйүрүнүн тегерек болуп айланып жүргөн видеосу асмандан тартылып, интернетке жайгаштырылган.
"National Geographic Россия" сайтынын маалыматына караганда, видеону фотограф Лев Федосеев тарткан.
Алыстан караганда аппак кардын үстүндө кандайдыр бир майда жаныбар же чымын-чиркей айланып жүргөндөй элес калтырат. Бирок жакшылап карай келгенде кадимки эле бугулар экенин аңдоого болот.
"Бугулардын бул жүрүшү кандайдыр бир коркунуч жаралган учурда башталат. Алар тегеренип чуркай бергендиктен, жырткыч кайсы жаныбарга кол саларын билбей калат. Акылдуу жаныбарлар үйүрдүн чок ортосуна картайып калгандарын, ургаачыларын же коргонууну али билбеген чаарчыктарын киргизип алышат", — деп айтылат маалыматта.
Маалыматта бугулар сибирь кулгунасына каршы эмдөөгө келген ветеринарлардан чочулагандыктан ушундай тегерекке чогулуп алгандыгы айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0