Нөшөрлөгөн жаанга карабай Саякбайды уккан эл. Улуттук банктын видеосу

Жазылуу
Улуттук банк кыргыз банкноталарына түшүрүлгөн белгилүү инсандар тууралуу видеолорду жарыялоодо. Ушунда "ХХ кылымдын гомери" аталган легендарлуу манасчы Саякбай Каралаев тууралуу видео тартууланды.
Үч мүнөткө чамалаган роликте айыл эли Саякбай Каралаевди сыймыктануу менен тосуп алып, шырдактын үстүндө кымыз берип, манас айттырып жатканын көрүүгө болот. Орто жеринде анын чыгармасын жазганы Россиядан үн оператору келгенин, ал Каралаевдин узак убакыт манас айтканына жана эл жаанга карабай аны тыңдаганына таң калганын көрүүгө болот.
Улуттук банк Алыкул Осмонов тууралуу таасирдүү ролик тартты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.04.2021
Улуттук банк Алыкул Осмонов тууралуу таасирдүү ролик тартты
Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0