13:27 20 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7933
  • EUR101.9682
  • RUB1.1121
Видео

Кызматтан кетүүгө качан арыз жазасыз? Министр Ниязбековдун жообу видеодо

Кыскача шилтеме алуу
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү (43)
0 0
© Sputnik / Эмиль Садыров

Парламентте башкаларга сабак болушу үчүн ички иштер министри Уланбек Ниязбековду отставкага кетирүү маселеси көтөрүлдү.

Депутат Дастан Бекешев министрди парламент кетирип же өзү арыз жазышы керектигин билдирди. Ошондой эле ал Ниязбековго кайрылып, качан отставкага кетерин сурады.

"Биз териштирели кимдин кайсы жерде күнөөсү бар экенин ошого жараша чечим чыгарабыз. Ооба, моралдык жоопкерчиликти сезебиз, ар бир жарандын коопсуздугу үчүн жооптуубуз", — деп жооп берди ИИМ башчысы.

Айзаданын өлүмү

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлаган. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.

Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган.

Кечинде кызды ала качууга катыштыгы бар делип бир шектүү кармалды.

Тема:
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү (43)

Тема боюнча

Айзаданы ала качууга катышкан экинчи шектүү кармалды. Сүрөт
ШИИБ башчысы: Айзаданы издөөгө 210 милиционер тартылган
Белгилер:
кызмат, отставка, Дастан Бекешев, Улан Ниязбеков, өлүм, кыз ала качуу

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ