16:31 17 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.5734
  • RUB1.1224
Видео

Кызыңыз ушул окуяга кабылса эмне кылмаксыз? Милиция жетекчилеринин жообу видеодо

Кыскача шилтеме алуу
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү (42)
01
© Sputnik / Эмиль Садыров

Spuntik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы ички иштер министринин орун басары Эркебек Аширходжаевге жана Бишкек ШИИБдин башчысы Бакыт Матмусаевге Айзаданын өлүмү боюнча суроо узатты.

Алгач "Уурдалган кызды эки күн бою таба албаган милициянын шалаакылыгы үчүн уялып жатасызбы?" деген суроо берилди.

Буга Аширходжаев милиция иштебей койду деген пикир менен макул эместигин айтты.

"Албетте, уялуу бар. Бирок милиция биринчи чалуу түшкөндөн баштап эле иштеп жаткан. Эки күн бою таппай калуу мүмкүн, болгон фактыны айтып жатабыз", — деди министрдин орун басары.

Бишкек шаардык милициянын башчысы да бул иште милициянын шалаакылыгы болбогонун айтат.

Президент Садыр Жапаров
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"Биз болгон күчтү тартып Чүй облусунун, Бишкек шаарынын аймагын, Ош жана Ысык-Көл багыты боюнча карап күндөп-түндөп иштедик. Мына, үч күндөн бери өзүм баш болуп уктай элекпиз. Жыйынтыгы ушундай болгонуна биз себепкер болгон жокпуз. Бирок милиция кызматкери, жетекчи жана жаран катары кейип турам", — деди Матмусаев.

Журналист андан кийин "Айзаданын ордуна сиздин кызыңыз болгондо эмне кылмаксыз, милицияга кандай баа бермексиз?" деген суроо менен кайрылды.

Матмусаев каза болгон кыздын ата-энеси кандай кайгырып жатса, ал да ошондой кайгырып турганын билдирди.

Ал эми Аширходжаев кимдин кызы болбосун ушундай эле иш алып барарын айтты.

Айзаданын өлүмү

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00дөр чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлаган. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.

Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган.

Кечинде кызды ала качууга катыштыгы бар делип бир шектүү кармалды.

Тема:
Бишкекте 27 жаштагы кыздын уурдалып, өлтүрүлүшү (42)

Тема боюнча

Милиционерлер Айзада жана аны ала качкандар менен 5-апрелде сүйлөшкөнүн айтты
Бишкек милициясынын башчысы Айзаданын жакындарынан кечирим сурады
Касымалиева: Баш мыйзамды караганда чогуласыңар, адам өлсө кайдыгерсиңер! Видео
Белгилер:
кыз, өлүм, кыз ала качуу, Бакыт Матмусаев, Эркебек Аширходжаев

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ