Касымалиева: Баш мыйзамды караганда чогуласыңар, адам өлсө кайдыгерсиңер! Видео

Жазылуу
Вице-спикер Аида Касымалиева учурда кылмыштуулук өсүп жатканын белгилеп, Ички иштер министрлиги эмне менен алектенип жатканына кызыкты.
Ошондой эле ал Айзаданын өлүмү боюнча маселеге депутаттар дагы көңүл кош карап жатканына ызаланды.
Бишкек милициясынын башчысы Бакыт Матмусаев (ортодо) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Айзаданын өлүмү: Бишкек милициясынын башчысы кызматтан кетер-кетпесин айтты
Ошондой эле ал арыз кайсы милицияга түшүп, эмне себептен издебегенин аныктап, тиешелүү кызматкерлерди жоопко тартууну талап кылды.
Мындан сырткары, өлкөдө кылмыштуулук өсүп жатканына тынчсыздануусун билдирди.
"Абактан кимдер ырайым, мунапыс менен чыгып жатат, ошону билишибиз керек. Себеби жеке турак жайларга күндүз эле уурулукка киргендер көбөйдү. Кылмышкерлер үйгө кирип тоноп кеткенден да коркпой калышты, себеби милиция аларды кармабайт. Эмне кылмышкерлер менен сүйлөшүп алышканбы?" — деди вице-спикер.

Айзаданын өлүмү

Мамашова: Айзада чиновниктин эмес, жөнөкөй адамдын кызы болгону үчүн өлдү - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.04.2021
Мамашова: Айзада чиновниктин эмес, жөнөкөй адамдын кызы болгону үчүн өлдү

Эске салсак, 5-апрель күнү эртең менен саат 7:00 чамасында Медеров жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинен үч бала 27 жаштагы кызды кызыл түстөгү унаага салып кеткен. Кыздын туугандары ошол эле күнү издеп башташкан. Биринчи май райондук милицияга саат 7:30да кабарлаган. Бирок издөө иштери кечеңдеп жатканына нааразы болуп, эртеси ЖМКларга кайрылышкан.

Ал эми 7-апрелде изделип жаткан автоунаа Чүйдөгү Арашан менен Чокморов айылдарынын ортосунан табылган. Ал тууралуу милицияга жергиликтүү чабан кабар берген.
Автоунаанын ичинен киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын жана 36 жаштагы кишинин бычакталган сөөгү табылган. Кечинде кызды ала качууга катыштыгы бар делип бир шектүү кармалды.
Жаңылыктар түрмөгү
0