Алаканына темир кирип кеткен баланын каармандыгы. Казакстандагы видео

Жазылуу
Куткаруучулар бала ыйлап, чоңдордун шаштысын кетирбей, тескерисинче, чыдап, тынч турганын айтып беришкен.
Казакстандын Көкшетау аймагында баланын алаканына дарбазанын шиш сымал темири кирип кеткенин 716.kz жергиликтүү басылмасына таянып Sputnik Казакстан жазды.
102 номерине бала кырсыктап, жардамга муктаж болуп жатканы тууралуу маалымат түшкөн. Куткаруучулар окуя болгон аймакка дароо чыгып кеткен.
"Шиштен баланын колун сууруп алуу кооптуу эле. Андыктан дарбазага бекитилген шишти алгач тегерете кесип алууга туура келди", — деген Акмоло облусунун Өзгөчө кырдаалдар департаментинин куткаруу бөлүмүнүн башчысы Рустем Мужупов.
Ал бала колуна темир кирип кеткен учурда да каармандыгын көрсөтүп, онтоп, ыйлап кыйнабагандыгын, тескерисинче, чоңдорго жардам кылып тынч туруп бергендигин айтып берген.
Опубликовано видео неудачного прыжка каскадера — трюк едва не стоил ему жизни - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.08.2020
Күйүп жаткан тегерек темирден секирем деп кулап түшкөн каскадер. Видео
Темирди кесип бүткөндөн кийин куткаруучулар аны Тез жардамга салып жатканда тестиердин "баарыңар жакшы тургула" деп көтөрүңкү үн менен коштошуп жаткандыгын видеодон көрүүгө болот.
Аны ооруканага алып барып, тиешелүү медициналык жардам көрсөтүшүп, бир нече убакыт өткөн соң үйүнө чыгарышкан.
Куткаруучу каармандын абалын сурап-билгендигин, азыр кадыресе жакшы болуп калгандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0