17:07 17 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.5734
  • RUB1.1224
Видео

Автобуска урунган элик айнекти талкалап салонго кирип кетти. АКШдагы видео

Кыскача шилтеме алуу
0 0
© YouTube / ABC7

АКШда элик мектеп окуучуларын ташыган автобус жүрүп бара жаткан кезде алдыңкы айнегине урунган.

WTVR-TV телеканалынын маалыматына караганда, окуя Вирджиния штатында болуп, автобустун ичиндеги көзөмөл камерасына тартылып калган.

Кадрлардан көрүнүп тургандай, жаныбар автобус жүрүп бара жаткан учурда кайдан-жайдан пайда болуп, алдыңкы айнекке урунган. Ошол маалда автоунаанын терезеси талкаланып кетип, элик салондогу уктап жаткан окуучунун үстүнө түшкөн.

Коркуп кеткен жаныбар бир нече секунд автобустун ичинде болуп, айдоочу токтоп эшикти ачкан соң сыртка чыгып кеткен.

Тема боюнча

Жан керек да! Туристтердин кайыгына секирип түшкөн пингвиндин видеосу
Токойчу мүйүздөрү чырмалган эки эликти бир ок менен куткарды. Видео
Белгилер:
окуя, автобус, элик, АКШ

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ