"Бакай банк Жаз деми" марафону Бишкекке батыш тараптан кирип келе жаткан аймактагы "Аска-Таш" комплексинен башталды. Катышуучулар "Манас" аэропортуна жетип кайра кайтышты.
Алар 5, 10 жана 21,1 чакырым аралыкты басып өтүштү. Балдар үчүн 100, 200 жана 500 метрлик жарыш уюштурулду.Былтыр пандемияга байланыштуу бул иш-чара болбой калган. Быйыл катышуучулар карантиндик эрежелерди сактоо менен аралыкты чуркап өтүштү.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу аталган иш-чаранын расмий өнөктөшү болду.