16:58 17 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.5734
  • RUB1.1224
Видео

Тирүү кездегидей салтанат. Египет фараондорунун сөөгүн башка жакка ташыган видео

Кыскача шилтеме алуу
0 0
© YouTube / TeN TV

Египеттин борбору Каирде өздөрү атагандай "фараондордун алтын парады өттү". Качандыр бир кезде падыша болгон, өлгөндөн соң бальзамдалган 22 сөөктү Египеттеги улуттук музейден алып чыгып жаңы жайга чоң салтанат менен ташып жеткиришти.

РИА Новости мурда мумиялар Каирдин борбордук аянты Майдану т-Тах̣ри́р Тахрирдин аймагында сакталып турганын жазды.

Театралдаштырылган ири азем менен коштолгон кортеж беш чакырым жолду басып өтүп, фараондордун мумиясы Нилди жээктей барып, жаңы жайга жайгашты. Ал Египет цивилизациясынын улуттук музейи деп аталат. Бул — тарыхый аймак.

Ташылган мумиялардын ичинен 18и падышага, ал эми төртөө он жетинчи, жыйырманчы династиядагы ханышаларга тиешелүү экендиги айтылды. Алардын арасында даңкы далай жерге жеткен Рамзес II, Тутмос III жана Сети I деген фараондордун сөөктөрү бар. Андан сырткары, маалыматта Египеттеги белгилүү ханыша Хатшепсут да көчүрүлүп, жаңы жерден жай алары айтылган.

Египеттин Туризм жана байыркы тарыхый эстеликтер боюнча министри Халед аль-Анани РИА Новостиге падышалардын мумияларын көчүрүү бышып жетилген зарылдык болгонун айтып берген. Каирдин улуттук музейинде сакталып турганда алар "экспозицияларга жана фараондордун мумияларын сактоочу татыктуу жай жетишпей" жаткандыгын маалымдаган.

Бийлик эми туристтер үчүн жаңы музейде тарыхый табылгаларды шашпай жана толук кандуу көрүп чыкканга мүмкүнчүлүк түзүлөрүн да айткан.

Тема боюнча

Мумия, жасалма сүрөт. Министр Жаманкулов жоголгон экспонаттар тууралуу айтты
Адамдын 5000 жыл мурун эмне азык жегени аныкталды
Белгилер:
музей, табылга, тарых, мумия, фараон, Египет

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ