18:26 17 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.8000
  • EUR101.5734
  • RUB1.1224
Видео

Казакстан менен Өзбекстан Кыргызстанга жардам катары ун, буудай, көчөт жиберет

Кыскача шилтеме алуу
0 0
© Видео / Facebook/ Марипов Улукбек Асамидинович

Премьер-министр Улукбек Марипов Facebook баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, соцтармак колдонуучуларына жасап жаткан иштери тууралуу маалымат берди.

Ал өткөн жумада Ташкентке болгон сапарынын алкагында буга чейинки кыргыз-өзбек соода алакаларын 1 миллиард доллардан 2 миллиардга чыгарууга макулдашканын маалымдады.

Ал ошондой эле Өзбекстан 1000 тонна буудай үрөнүн берерин, анын жарымы жардам иретинде, калган 500 тоннасы кийин буудай түрүндө кайтарыларын белгиледи. Ага кошуп 500 тонна пахта үрөнүн бермей болушкан, анын да жарымы пахта түрүндө кайтарылат. Ал эми 10 миң тонна мөмө-жемиш көчөтүн белек катары тартуулашкан.

Өкмөт башчы кечээ, 2-апрелде, Кордайда кыргыз-казак өкмөттөр аралык жыйынында чечилген маселелерге да токтолду.

"Казакстан Кыргызстандагы муктаж үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам катары 10 миң тонна ун берет. Бул маселе чечилди, жакынкы аралыкта алабыз деп күтүп жатабыз. Аны муктаж үй-бүлөлөргө бекер таратабыз. Алардын тизмеси такталат", — деди Марипов.

Ошону менен катар Казакстан дагы 1000 тонна күздүк буудай үрөнүн жардам катары бере турганын кошумчалады.

Тема боюнча

Кытай Кыргызстанга 63 миллион сомдук гуманитардык жардам берди. Сүрөт
Россиядан жакында Кыргызстанга 150 миң тонна буудай келет
Белгилер:
көчөт, пахта, үрөн, Буудай, Улукбек Марипов, Өзбекстан, Кыргызстан

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ