"Ак-Жол" чек ара бекети 305 млн. сомго оңдолду. Ачылыш аземинен видео

Жазылуу
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Жол" көзөмөл-өткөрмө бекети капиталдык оңдоодон өттү. Ачылыш аземине Кыргызстандын премьер-министри Улукбек Марипов жана Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин катышып, чек ара пунктун ачууга старт беришти.
Өткөрмө бекетин оңдоо иштери былтыр март айында башталган. Бул үчүн республикалык бюджеттен 305 миллион сом сарпталганы белгилүү болду. Анын ичинен курулуш-монтаждоо иштерине 225 миллион, техникалык жабдууларга жана эмеректерге 80 миллион сом коротулган.
Өкмөт башчы Улукбек Марипов чек ара пунктунун оңдолушу кирип-чыккан жарандарга жана Кыргызстанга келген конокторго ыңгайлуу шарт түзөрүн белгиледи. Аны менен катар тейлөө сапаты жакшыртылып, өткөрүүнүн ылдамдыгы үч эсе жогорулатылганын айтты.
Баткен облусунун Өзбекстан менен чек аралаш жеринде жайгашкан Кайтпас жана Өтүкчү өткөрүү пунктуларынын иши жанданды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.04.2021
Кыргыз-өзбек чек арасындагы "Кайтпас" жана "Өтүкчү" пунктуларынын иши жанданды
Ал эми коңшу өлкөнүн премьер-министри бул эки өлкөнүн ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү арттырууга чоң салым кошорун билдирди.
Буга чейин "Ак-Жол" чек ара бекети күнүнө 10 миң адам өткөрүүгө ылайыкталса, мындан ары 35 миң адамды тейлөөгө шарт түзүлдү. Ал эми суткасына 1 500 автоунаа текшерилип келсе, алардын саны 5000ге чейин көбөйдү. Айдоочулардын документин текшерүүгө сыртта өзүнчө кабиналар ачылды, ал эми жүргүнчү катары бараткан жарандар үчүн 19 паспорттук көзөмөл коюлган. Унаалар кирип-чыккан жол төрттөн сегизге чейин кеңейтилген.
Белгилей кетсек, учурда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кыргыз-казак чек арасы толук ачыла элек. "Ак-Жол" өткөрмө бекети да чектөөлөр менен иштейт.
Жаңылыктар түрмөгү
0