Айран, топурак менен тарткан эмгектерине "жан киргизип". Сүрөтчү Төлгөбектин видеосу

Жазылуу
Төлгөбек Койчуманов — Кыргызстандагы алдыңкы сүрөтчүлөрдүн бири. Ал эмгектерин башкалардан өзгөчө ыкма менен тартып, аны элге креативдүү жеткирүү жагынан айырмаланып турат. Sputnik Кыргызстан агенттиги сүрөтчүнүн таланты менен таанышты.
Бир бөлмөлүү өнөркана, ичи толо түрдүү сүрөт. Алардын арасынан Чыңгыз Айтматовдун сүрөтү көзгө дароо урунду. Аны Төлгөбек Койчуманов топурак менен тарткан. Сүрөтчү картинанын түп нускасын жазуучунун үй-музейине бергенин айтып, мындай өзгөчө сүрөттөр жөн жерден жаралбайт дейт.
"Сүрөттөрүмдү жөн эле топурак менен тартып койбостон, анын уңгусуна басым жасагым келген. Кыргыз эли топуракты ыйык тутат. Мисалы, "туулган жердин топурагы алтын", туулган жерди таштап кетсе "топурагымды түйүп берем" дешет, адамдын көзү өтсө, барып топурак салабыз. Ушул нерсеге басым жасап, ачып бергим келген. Саякбай Каралаевдин сүрөтүн айран менен тарткам. Бизде акты жерге төкпөйт. Бийик кармап жүрөбүз. Ошол себептен улуу адамдын образын ак менен түшүндүргүм келди", — деди Койчуманов.
Сүрөтчү Ысык-Көл облусунун Тоң районуна караштуу Коңур-Өлөң айылында төрөлүп, балалыгы да ошол жакта өткөн. Сүрөт тартып калуусуна Ысык-Көл да себеп болгонун белгиледи.
Кош, 2015-жылы тартылган Саякбай, Курманжан датка тасмаларында сүрөтчү-декоратор болуп иштеген. - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.10.2017
Керемет экен! Төлгөбек Койчумановдун өзгөчө сүрөттөрү
"Бала кезде Ысык-Көлдүн сулуулугун айтып, сүрөттөп берүүгө сөз байлыгым жетчү эмес. Анан сүрөт тартууга шыктуу болгондуктан ичимдеги сезимдерди сүрөт аркылуу бере баштадым. Тандап алган кесибим үчүн эч өкүнбөйм. Бул кесиптин акчасы аз, Кыргызстанда укмуш байып кеткен деле сүрөтчү жок. Бирок биз өзүбүз сүйгөн иш менен алектенип жатабыз. Бул адамга бардык жагынан пайдалуу деп ойлойм", — дейт сүрөтчү.
Койчуманов топурак, айран менен Саякбай Каралаев, Сүймөнкул Чокморов, Төлөмүш Океев, Токтогул Сатылганов, Чыңгыз Айтматов сыяктуу залкарлардын сүрөтүн тартып, үй-музейлерине, фонддоруна белек кылган. Анын эмгектери чет өлкөлөрдөгү көргөзмөлөргө коюлуп, кымбат бааланып келет.
"Бир картинамды Германиядан Кыргызстанга келген конок 3 000 долларга сатып алган. Ал картина менин бала кезиме байланыштуу "Адашкан жолдор" деп аталат. Сүрөттө кичинекей бала чөптүн арасына адашып кирип кетип бара жатканы көрсөтүлгөн. Ошол сүрөт өзүмө да аябай жакчу. Айла жок бергенге туура келген"¸— деди ал.
Таланттуу сүрөтчү картиналарды жаратып тим болбостон, аларга "жан киргизип" анимацияны өзү үйрөнгөн. Кийинчерээк "Аку" аттуу анимациялык көркөм фильм тарткан. Көркөм фильмдерде сүрөтчү-декоратор болуп да иштеп, бир нече кинофестивалда "Мыкты сүрөтчү" номинациясын алган.
Жаңылыктар түрмөгү
0