Россия Суэц каналын алмаштырчу жол тапты. Түндүк деңиздин кандай келечеги бар?

Жазылуу
Россияда Суэц каналын алмаштыра турган жолду аташты. Вице-премьер Юрий Трутневдин пикиринде, ал Түндүк деңиз жолу (ТДЖ) болушу мүмкүн. Түндүк деңиз жолу — Россиянын кеме жүргөн башкы арктикалык магистралы.
Ал Карс дарбазасынан Чукоткадагы Дежнёв куймасына чейин созулат. Дүйнөдөгү маанилүү болгон соода деңиз жолу — Суэц каналынын альтернативалык варианты туурасында Ever Given контейнер ташыгычтын чатактуу окуясынан кийин айта башташты. 26-мартта кеме каналдын 151-метринде суунун тайыз жерине келип отуруп калган. Эсептөөлөргө караганда, бул дүйнөлүк экономиканы миллиарддаган доллар чыгымга учуратты. Чындыгында эле Түндүк деңиз жолу Суэц каналына жакшы альтернатива болобу? Түндүк деңиз жолунун кандай келечеги бар экенин биздин видеодон көрүңүз.
Жаңылыктар түрмөгү
0