Элди эвакуациялап, Төрткүлдү кайтарышат. Кыргызстандагы машыгуунун видеосу

Жазылуу
Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, артиллериялык система, авиациялык техника колдонулмакчы.
1-апрелден тарта "Коопсуздук-2021" деп аталган биргелешкен командалык штабдык жана мобилизациялык машыгуунун биринчи этабы башталды. Бул туурасында Генералдык штабдын маалымат кызматынан кабарлашты.
Бул окуулар 3-апрелге чейин Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарында жүрөт.
"Негизги тема — Республиканын айрым аймактарында аскердик абалда, өзгөчө кырдаал киргизилген шарттарда аскердик органдардын, мамлекеттик башкаруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жасай турган иштери. Андан сырткары, аскердик түзүмдөрдүн практикалык мобилизациялоосу жана курчуп турган кырдаалда күжүрмөн тапшырмаларды аткаруу", — деп айтылган таратылган маалыматта.
Машыгууга эки миңге жакын адам катышып, 100гө жакын автомобиль, сооттолгон жана атайын техника, 20га чейинки артиллериялык система, ошондой эле 10дой авиациялык техника тартылары айтылды.
Ал эми өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлчүлүгү аталган аймакта "Калыптоо-2021" машыгуусу башталгандыгын кабарлады.
Коопсуздук-2021 командалык-штабдык машыгууларгар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.03.2021
"Коопсуздук-2021" машыгуусу. Баткенге коменданттык саат киргизилет
Анын ачылышына аталган өкүлчүлүктүн жетекчиси Өмүрбек Суваналиев, КРдин коргоо министри, генерал-майор Таалайбек Өмүралиев жана тийиштүү бардык органдардын кызматкерлери катышкан.
Машыгуунун биринчи этабында аймактын мамлекеттик башкаруу органдары аскердик жана өзгөчө абал шарттарында тапшырмаларды аткарышат.
Кийинки этаптарда аскердик машыгуу, өзгөчө кырдаал учурундагы элди эвакуациялоо, ички иштер органдарынын стратегиялык объект — Төрткүл суу сактагычын кайтаруу аракеттери болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0