Арка-мойну астында калып... Катуу баратып трамплинден кулаган лыжачынын видеосу

Жазылуу
Лыжа менен трамплинден секирүү боюнча олимпиада чемпиону Даниэль-Андре Танде катуу баратып секиргенден кийин кулап түштү.
Лыжачы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2021
Сынган буту менен марага келип... Финляндиялык лыжачы кыздын мелдештеги окуясы
Лыжачы ошол жерден эсин жоготкон. Медициналык топ Даниэль-Андреге кырсык болгон жерден биринчи жардам көрсөтүп, андан соң тик учак менен ооруканага жеткиришкен.
Лыжа спорту боюнча эл аралык федерация өзүнүн Twitter баракчасына билдирүү жазган.
"Даниэль-Андре Танденин абалы учурда туруктуу. Ал мындан ары текшерүүдөн өтүп, дарылануу үчүн Люблянадагы медициналык борборго жеткирилди. Маалымат дагы берилет," — деп айтылат федерациянын маалыматында.
Спортчунун кабырга жана акыреги сынышы мүмкүндүгү айтылган. Даниэль-Андре Танде — дүйнөнүн төрт жолку жана 2018-жылдын тайпалык мелдештеги олимпиада чемпиону.
Жаңылыктар түрмөгү
0