03:19 06 Бугу 2021
Түз эфир
  • USD84.7914
  • EUR101.7878
  • RUB1.1267
Видео

Тик учактын Су-27 истребителин илип алып, ачык абада ташып бараткан видеосу

Кыскача шилтеме алуу
311 0 0

Санкт-Петербургда Ми-26 тик учагынын экипажы Су-27 истребителин илип алып, Ленинград облусунун аймагына, тагыраагы 300 чакырым аралыкка ачык абада ташып алып барды.

Ми-26 жоопкерчиликтүү жүгү менен Пушкин аэродромунан учуп чыгып, аталган облустагы "Кингисеппский" полигонуна жеткиргенин РФтин Коргоо министринин маалымат кызматы кабарлаган.

Аскерийлер коопсуздук үчүн бомбалагыч Су-27ни эл жашаган калктардан обочо аймактар аркылуу алып өткөн.

Учакты ташыгандар аскердик транспортту жабык түрүнө караганда, илип алып ачык аба менен жеткирүү алда канча түйшүктүү жана өтө тактыкты талап кылган иш экендигин айтып беришкен.

"Ар бир жүктүн түрүнө, көлөмүнө карата ылдамдык аныкталат. Бул үчүн тажрыйба жана ийкемдүүлүк керек. Адистер адатта мындай ташуу иштерине көнүү үчүн жүктү бир тоннадан тарта ташып, улам көбөйтүп отуруп, тажрыйба топтошот", - деп айтылган маалыматта.

Су-27 абадагы башка техникаларга караганда алда канча артыкчылык кылган, ракеталык-бомбалагыч. Ал тактикалык өзөктүк куралдарды да ташууда колдонулат. Салмагы 17 000 тоннанын тегерегинде.

Тема боюнча

Казакстан Кыргызстанга тик учак жана башка техника сатууну көздөп жатат
Эмнеге Пентагон россиялык "Буревестниктен" мынчалык чочулайт?
Белгилер:
аба, СУ-27, Коргоо министрлиги, Россия

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ