Кытай берген вакцина менен алгач кимдер эмделет. Акматованын билдирүүсү видеодо

Жазылуу
Коронавируска каршы эмдөө үчүн Кытай гуманитардык жардам катары берген 150 миң доза SinoPharm вакцинасы биринчи кимдерге сайылары айтылды.
Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова бул препараттар менен вакинациялоонун биринчи этабы ишке ашырыларын билдирди.
"COVID-19 илдетине каршы вакцинациялоо боюнча Улуттук планга жараша биринчи этапта эмдөө жүрөт. Ага медицина кызматкерлери, социалдык кызматтарда иштегендер, чек ара жана ички иштер органдарынын кызматкерлери, 65тен 85 жашка чейинки адамдар кирет", — деди Акматова.
Sinopharm вакцинасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.03.2021
Кыргызстанга кытай вакцинасы алып келинди. Sinopharm тууралуу эмне белгилүү?
КРдин Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматына ылайык, Sinopharm ("Синофарм") — бул активсиздештирилген вакцина. Анын досьеси Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кароосуна жөнөтүлүп, өзгөчө кырдаалдын шартында колдонулчу дары-дармектердин тизмесине каттоо чечими март айында чыгышы күтүлүүдө. Дүйнө жүзүндө SinoPharm менен Кытайдын, Бириккен Араб Эмирликтеринин, Түркиянын, Өзбекстандын жана Бахрейндин жарандарын эсептегенде 3 миллиондон ашуун адам эмделди. Ошондой эле бул вакцинаны алган жарандарда эмдөөнүн кыйыр таасири катталган эмес.
SinoPharm вакцинасы +2, +8 градус температуралык шартта үч жыл сакталат. Мындай логистика Кыргызстанда бар, бул вакцинаны колдонууга жана сактоого жол берет. Эмдөө 25-28 күн аралыгында эки этап менен жүргүзүлөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0