Монголияда куюндан 6 адам каза таап, 500дөй киши дайынсыз кеткен. Видео

Жазылуу
Монголиянын кумдуу талаасында катуу куюн болуп, бир нече имаратты кыйратып кетти. Мунун кесепетинен кеминде алты адам каза болуп, 81 кишинин дайны чыкпай жатат.
CGTN телеканалы өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгына шилтеме берүү менен жаратылыш кырсыгы ишемби күнү катталганын жазды. Каза болгондордун арасында чабандар жана бир жаш бала бар экени айтылат.
Монголиянын батыш тарабындагы бир нече районунда кумду асманга сапырган катуу шамалдан улам электр энергиясы өчкөн.
"Куюн маалында 548 адам дайынсыз жоголгон. Азыркы тапта 467 киши табылып, калганын издөө иштери жүрүп жатат", — деп билдирген өлкөнүн расмий бийлиги.
Ушул эле күнү Пекинде дагы кумду асманга сапырган куюн болуп, аэропорттогу 428 каттам токтотулган. Шаар ичинде унаа тыгын жаралып, 1000 метрден ары жагы көрүнбөй калган.
Бийлик төрт шаарга кооптуулуктун сары деңгээлин жарыялаган. Тургундарга ачык асман алдында иш-чара өткөрбөө жана зарылчылык болбосо көчөгө чыкпоо сунушталууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0