Багбандар жаандан жашынган даракка чагылган түштү. Видео

Жазылуу
Индияда адамдар жаанда түбүнө коргологон бакка чагылган тийди. Кырсыктан бирөө каза болуп, калгандары оор абалда ооруканага жеткирилди.
 
Индиянын түндүгүндө катталган коркунучтуу окуя камерага тартылып калган. Кадрда далысы менен дарактын сөңгөгүнө жөлөнүп турган кишилерди көрүүгө болот. Аңгыча чагылган чартылдап, алар туш тарапка сулк кулаган.
Times of India маалымат булагынын белгилешинче, кырсыктан шаардык парктын багбандары жапа чегишкен. Алар нөшөрдөн коргонуу үчүн дарактын түбүнө жашырынган. Ошол учурда ал жерге чагылган түшкөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0