Кыйындыкта бел болуудан тайбадыңар! Марипов аялзатын ыр окуп куттуктады. Видео

Жазылуу
Премьер-министр Улукбек Марипов өкмөттүн жана өзүнүн атынан Аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады. Анын куттуктоо видеосун өкмөттүн маалымат кызматы жөнөткөн.
Анда премьер-министр кыргыз коомунда аялдар ар дайым ардактуу орунду ээлеп келгенин белгилеген.
"Кымбаттуу биздин айымдар, сиздерге өмүрүбүз үчүн, үй-бүлөлүк бакыт, колдооңуздар үчүн милдеттүүбүз. Аруу аялзаты менен үй-бүлөнүн куттуу очогу жана бакубатчылыгы гана эмес, жер бетинде тынчтык да кармалып турат. Аялга сый-урмат менен мамиле кылууга бала кезден тарбияланып келебиз. Аялзаты — үй-бүлө очогунун сактоочусу, акылмандыктын, ажарлуулуктун жана жанын аябастыктын символу!" — деп жазылат Мариповдун куттуктоосунда.
Большой концерт посвященный женщинам прошел в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 02.03.2021
Аялдар конгресси мыкты айымдар менен өрнөктүү энелерди сыйлады. Сүрөттөр
Ал кыргыздын кыз-келиндери бүгүнкү күндө өлкөнүн саясий, коомдук, ишкердик, маданий жана спорттук жашоосуна активдүү катышып жатканына токтолгон.
"Сиздердин катышууңар жок эгемендүүлүгүбүздү сактоого, экономиканы өнүктүрүүгө, өнөр жай дараметин жандандырууга, көп улуттуу мамлекетибиздин руханий байлыгын сактоого мүмкүн эмес. Ошондой эле силерсиз алдыбызга коюлган маанилүү милдеттерди ишке ашыра албайбыз. Ар дайым назик жана сулуу бойдон жүрө бериңиздер. Жаныңыздарда сиздерди бакытка бөлөп, зор таяныч болгон адамдар дайыма бирге болсун!" — деген өкмөт башчы.
Премьер-министр аялдарга сүйүү, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакыт-таалай жана ийгилик каалап кеткен.
Жаңылыктар түрмөгү
0