Казакстандык жана украиналык футболчулар мушташа кетип, оюн токтоду. Видео

Жазылуу
Казакстандык "Окжетпес" жана украиналык "Верес" футбол клубдарынын беттеши массалык мушташтан улам токтотулду.
Жолдоштук беттеш Түркиянын Белек аймагындагы машыгуу базасында өткөн.
Айласыздан алакан жайып. Калыстын тебилген топту кокусунан тосуп калган видеосу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.02.2021
Айласыздан алакан жайып. Калыстын тебилген топту кокусунан тосуп калган видеосу
Калыстар оюнду токтотууга аргасыз болушкан. Эсеп 1:1 болчу.
Кийинчерээк "Окжетпес" клубу бул ички чемпионатка карата даярдык иретинде өткөрүлгөн беттеш экенин билдирген.
"Матч бейрасмий экенине карабай орой жана кооптуу өттү. Мындай оюндан кийин жаракат алган оюнчу футболго жараксыз болуп калышы да толук мүмкүн. Беттеш токтотулуп, командалар тарап кетти", — деген казакстандык команда.
Өз кезегинде "Верестин" башкы машыктыруучусу Юрий Вирт мындай чырдын чыкканына казакстандыктардын ашкере орой ойногону себеп болгонун айтты.
Жаңылыктар түрмөгү
0