https://sputnik.kg/images/07e5/02/1b/1051611735.jpg
https://sputnik.kg/video/20210227/1051612144/bishkek-osh-zholunda-artilleriyany-koldonup-kochku-tushurushtu.html
ӨКМдин маалымат кызматы Бишкек — Ош жолунда артиллерияны пайдалануу жолу менен көчкү түшүргөн учурдун видеосун жарыялады. Кадрдан аскерлердин иштеп жатканын көрүүгө болот.
Артиллерияны колдонуп, көчкүнү мажбурлап түшүрүү иштери Ала-Бел ашуусунда жасалды. Бул саат 10:55тен 11:30га чейин созулган. Натыйжада төмөнкү бөлүккө жалпысынан 19 720 куб метр, анын ичинен эл каттаган жолго 3320 куб метр көчкү түшкөн.
Маалыматта жол саат 12:35те толук тазаланып, ачылганы айтылды.