Баласын коргоп арстанды айланта, кабыланды каардана кууган буйволдун видеосу

Жазылуу
Кадрдан эне буйволдун жакшы телчиге элек баласы менен келе жаткандыгын, ал эми бадалдын арасынан кабыландын аларды аңдып бугуп жаткандыгын көрүүгө болот.
Буйвол эненин жаңы туулган музоосун коргоп, тирүү алып калууга болгон аракети сырттан карап тургандар үчүн бир топ таасирдүү болгон. Бул тууралуу "National Geographic Россия" сайтындагы макалада айтылган.
Видеону Түштүк Африкадагы Крюгер жаратылыш паркынан Мэтью Стейн аттуу турист тартып алган.
Кадрдан эне буйволдун жакшы телчиге элек баласы менен келе жаткандыгын, ал эми бадалдын арасынан кабыландын аларды аңдып бугуп жаткандыгын көрүүгө болот.
Крокодилден араң кутулган антилопа кабыланга капыстан жем болду. Кейиштүү видео - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.02.2021
Крокодилден араң кутулган антилопа кабыланга капыстан жем болду. Кейиштүү видео
Бул учурдан тарта сырттан карап турган адамдын тынчы кете баштаары турган иш. Себеби кабыландан сырткары бир нече метр алысыраакта арстан да жаңы туулган музоого көз салып жаткан эле.
Жакындап келе жаткан жырткычтардан баласын коргогон эне буйвол эки жакты карабай мүйүзү менен каршылык көрсөтүп, арстанды чаңызгыта кууган. Ал экинчи кооптуулукка — кабыланга улам тап берип, баласын жолдун ары жагындагы бадалга алып кирип кеткенге үлгүргөн.
Артынан барып, музоону бөктөрүп кетүүгө аракет кылган арстанды каарданып кайрадан кууганы видеонун акыркы ирмемдерине түшүп калган.
Жаңылыктар түрмөгү
0