21:45 11 Чын Куран 2021
Түз эфир
  • USD84.7863
  • EUR100.7855
  • RUB1.0988
Видео

Мамытов: абакта отурганда мамлекетти өнүктүрүү стратегиясын жазгам. Видео

Кыскача шилтеме алуу
0 0
© Sputnik / Эмиль Садыров

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна берген маегинде абакта өткөргөн күндөрү тууралуу айтып берди. Ошол учурда жашоого болгон көз карашы башка нукка өзгөргөнүн ачыктады.

Мамытов 2012-жылы азыркы президент Садыр Жапаров, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев менен кошо камалып, бир жылдай отуруп чыккан. Саясатчылар "Кумтөр" маселеси боюнча митинг уюштуруп, андан ары Ак үйгө чабуул жасашкан. Мындан улам алар бийликти басып алууга айыпталып кармалган.

"Абакта отурганда материалдык баалуулуктарга көп кызыкпай калдым. Китеп окуп, бул дүйнөгө эмнеге келебиз, эмнеге кетебиз деп жашоонун философиялык маани-маңызы жөнүндө ойлонуп жаттым. Бул жакта эмнеге отурабыз, саясатка эмнеге келебиз деген ой басты. Аягында ушул суроолордун жообун таап чыктым. Мурда чет өлкөгө барганда өзгөрүүлөрүн көрүп, жазып алчу элем. Мына ошолорду алып кирип мамлекетти өнүктүрүү стратегиясын ошол жерден жаздым. Элди жакшы программалардын тегерегинде бириктирип, мамлекетти өнүктүрүү керек. Садыр Нургожоевич менен Камчыбек Кыдыршаевич да ушундай ой менен чыкты деген пикирдемин", — деди Мамытов.

Ошондой эле ал түрмө адамды моралдык жактан сыноочу жай экенин айтып, ага сынбай чыгуу бекем эркти талап кыларын билдирди. Аны менен катар үчөөнүн ичинен эң эле эрки күчтүү Садыр Жапаров болгонун белгиледи.

Тема боюнча

Талант Мамытов: талкаланган Ак үйдү депутаттар айлыгынын эсебинен оңдоп-түзөштү
Өз дүйнөсү менен жашап калган. Жапаров Жээнбековдун эмнеден жазганын айтты
Белгилер:
сыноо, абак, Садыр Жапаров, Талант Мамытов

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ