Финпол биологиялык активдүү кошулма жасаган цехке кирип барды. Тинтүүнүн видеосу

Жазылуу
Финансы полициясы биологиялык активдүү кошулмаларды жасалма түрдө өндүрүп келген цехти аныктады. Аларды текшергенде тийиштүү документтери жок болуп чыккан.
Бул факт Жазык кодексинин 211-беренеси ("Мыйзамсыз ишкердик жүргүзүү") менен Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.
Маалыматка караганда, 25-февралда Бишкек шаарынын Донский тар көчөсүндөгү цехте санитардык эрежелерди одоно бузуп, "омега 3-6-9", "гүл уну", "зире майы", "зайтун майы" жана башка биологиялык активдүү кошулмаларды колдо жасап жатышкан. Анын башкы уюштуруучулары А. жана С. аттуу чет элдик жаран экени аныкталган.
Финпол контрафакттык продукцияларды жасалма же мыйзамсыз түрдө жасап жаткандарды, ошондой эле экономикалык кылмыштарды көргөн жарандар болсо 1955 номери аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0