Президент Садыр Жапаровду Москва кантип тосуп алды. Видео

Жазылуу
Президенттин маалымат кызматы Садыр Жапаровдун Россияга жумушчу сапары менен барган учурунда тартылган видеосун жарыялады.
Кадрдан Россиянын борборунда кар жаап жатканы көрүнүп турат. Жапаров №1 борттон түшүп, кара түстөгү Mercedes-Benz унаасына отуруп аэропорттон чыгып кеткенин көрүүгө болот.
Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.02.2021
Алака жылдардын сыноосунан өткөн. Жапаров Россияда басым жасалчу маселелерди атады
Ошондой эле мамлекет башчынын Россия өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин, Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко жана Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен эки тараптуу жолугушуулар пландаштырылган.
Мындан тышкары, Россиянын бизнес коомчулугу, ошондой эле Россиядагы мекендештер жана кыргызстандык студенттер менен жолугушуулар күтүлүүдө.
Жаңылыктар түрмөгү
0