Кыргызстандык Агата гимнастика "назик" спорт эместигин көрсөттү. Видео

Жазылуу
Адатта көркөм гимнастика дегенде тасма менен шарикти ыргытып, ийилип-чоюлган сулуу кыздарды элестетишет. Эл аралык класстагы спорт чебери болгон Агата Быковская гимнастикада дагы дене-баш көгөрүп ооруп, сөөктөргө күч келерин айтып берди.
Агата Быковская Кыргызстандын үч жолку чемпиону аталып, эл аралык турнирлерде байгелүү орундарга ээ болгон.
Жакында эле Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттиги бир катар атлетке наамдарды тапшырып, Быковскаяга эл аралык класстагы спорт чебери наамы ыйгарылды.
"Кыргызстанда мындай наамды алган алгачкы гимнаст кызмын, бул, албетте, беделдүү нерсе. Бардыгы эле мындай ийгиликке жете бербейт", — деди спортчу кыз.
Агата Быковская 200дөн ашык чемпионатка катышкан. Учурда дагы башка мелдештерге даярданып, күнүнө үч сааттан машыгууда. Ошондой эле жаш спортчуларга чеберчилигин үйрөтүү менен алек.
Жаңылыктар түрмөгү
0