15:47 28 Бирдин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7500
  • EUR102.9628
  • RUB1.1385
Видео

Тоодон зуулдап түшкөн Путин менен Лукашенко. Эки лидердин лыжа тепкен видеосу

Кыскача шилтеме алуу
540 0 0

Интернетте Россиянын президенти Владимир Путин менен Беларусь башчысы Александр Лукашенконун зуулдатып лыжа тепкен видеосу пайда болду. Мамлекет башчылардын эс алып жаткан учуру RT басылмасынын Youtube каналына жарыяланды.

RT кабарлагандай, эки өлкөнүн президенттери Сочиде болгон жолугушуудан кийин тоого эс алууга барышкан. Видеодо көрүнүп тургандай, Путин ак, кызыл, көк түс аралашкан костюм кийип жүрөт. Ал эми Лукашенко башынан аягына чейин кара түстөгү костюмчан экенин көрүүгө болот.

РФ президенти лыжаны зуулдатып тээп, андан кийин Беларусь башчысы экөө карда жүргөн унаа айдашкан.

Белгилей кетсек, буга чейин КМШ мамлекеттеринин башчыларынын хоббиси тууралуу макала жарыяланган. Анда Россиянын президенти Владимир Путин спорттун бир канча түрүн, балык уулоону, ар түрдүү техниканы башкарганды жакшы көрө турганы жазылган. Ал эми Беларусь президенти кышкысын дээрлик күн сайын хоккей ойноп, лыжа тепсе, жайкысын футбол ойногонду жактырары маалым болгон.

Тема боюнча

"Жакшы кадам". АКШ менен Россия маанилүү келишимди узартууну макулдашты
Клинтон айым Трампты Путин менен байланышта деп күнөөлөдү. Себеби эмнеде
Белгилер:
видео, Сочи, эс алуу, лыжа, Беларусь, Россия

Дагы видео

ЭҢ МААНИЛҮҮ