Техастагы катуу суук там-ташты талкалап, элди бүлгүнгө учуратты. Видео

Жазылуу
Техаска капыстан түшкөн катуу суук миллиондогон америкалыктардын башына балээ болуп тийди. Аба ырайы адатта жылуу болуп келген түштүктөгү штатта өткөн жумада температура -20 градуска чейин түштү.
Аймакта күн мынчалык акыркы 30 жылдан бери сууктай элек болчу. Элдин баары жылыткычтарын иштеткендиктен энергетикалык система иштен чыгып, миллиондогон жарандар жылуулуксуз калган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ТОК⚡️ (@tok_media)

Кризистин кесепетинен түтүктөр жарылып суу тартыштыгы жаралды. Мындан улам ажатканалардын багын толтуруу үчүн жарандар карды эритип жатышат.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от N. Zepeda (@zepeda.arts)

Штаттын жашоочулары сууктун айынан тоңгон үйлөрүнүн шыбынан суу кирип, турак жайлары жарактан чыккан видеолорду соцтармакка жарыялашууда.
Айрым кадрлардан үйдөгү эмеректер, техника бузулганын, жашоочулар көргөн көзүнө ишенбей ыйлап жатканын көрүүгө болот.
Акыркы маалыматтар боюнча, 14-февралдан бери сууктан 60 киши жабыркады. Түзүлгөн кырдаалдан улам президент Жо Байден өзгөчө кырдаал режимин киргизди.
Жаңылыктар түрмөгү
0