Карга оонап, томолонуп-жумаланып... Зоопарктагы панданын көңүл ачкан видеосу

Жазылуу
Москва шаарындагы зоопаркта иштегендер жаңы жааган карда жыргап ойногон панданы камерага тартып алышкан. Анда жаныбардын күлкүлүү кыймыл-аракеттерин көрүүгө болот.
Диндин аттуу аюу аппак карда убактысын жөн өткөрбөй карга оонап, жыгылып-туруп, селкинчек менен ойноп, майда дөңгөчтөрдү, дөңгөлөктү ары-бери ыргытып чер жазган.
Үч жаштагы панда 2019-жылдан бери зоопаркта жашайт, аны Кытайдан алып келишкен.
Жаңылыктар түрмөгү
0