Кайыкка араң чыгарышты. АКШда эки метрлик окунь балыгы кармалган видео

Жазылуу
Кесипкөй балыкчылар эки метрлик Варшава кара окуну балыгын кармап алышты. Аны бир нече киши кайыкка араңдан зорго алып чыккан.
Fox News порталы кабарлагандай, сейрек кездешүүчү балыкты Флорида штатында жашаган Жошуа Йоргенсен менен Жейсон Бойл аттуу балыкчылар кармап алган. Алар Балыкчылар ассоциациясына мүчөлүк кылып, видеоблог аркылуу кеп-кеңештер жана балык уулоо учурундагы кызыктуу окуялар менен бөлүшүп турат.
​Балык Форт-Майерс шаарынын 225 чакырым аралыктагы Мексика булуңунан кармалды. Суу жандыгы кайырмакка илинген соң кайыкка алып чыкканга чейин балыкчылар 15-20 мүнөттөй убакыт кетиришкен.
"Балык суунун үстүнө чыкканда кыйкырып ийдик. Кайыктын үстүнө кантип алып чыгарыбызды жакшы элестете алган жокпуз. Бирок төрт күүлүү-күчтүү эркек араңдан зорго тартып чыгардык", — деген Йоргенсен.
Узундугу 2 метрге жеткен балыктын салмагы 133 килограммдан кем эмес экени айтылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0