Кызматкерлер кубанып... Марсты изилдеген техниканын Кызыл планетага конгон видеосу

Жазылуу
Америкалык Perseverance изилдегич аппараты 19-февралдын түнү Марстагы Езеро кратеринин аймагына конду. Бул космосту изилдөө жаатындагы маанилүү окуялардын бири болду.
Perseverance автономдук тартипте иштеп, үч мүнөттөн кийин аппарат планетанын үстүңкү катмарынан тартылган ак-кара түстөгү сүрөттөрдү жибере баштаган.
NASA жүргүзгөн иликтөө миссиясына Марста жашоо барбы деген суроого жооп издеп, баа берүү кирген. Perseverance Жерге алып келген топурак ар тараптуу изилдөөгө алынмакчы.
Ал эми интернетке тараган видеодон Кызыл планетага Perseverance аппаратынын зыянга учурабай жетип конгонун көргөн NASA кызматкерлери кубанып, бирин-бирин куттуктап жаткандыгын көрүүгө болот.
Жаңылыктар түрмөгү
0